Бишкекте 386 абонент төрт күнгө газсыз калат. Аймактардын тизмеси

Компания кызматкерлери түтүктөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкектин батыш бөлүгүндө 15-19-апрель аралыгында газ жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Көгүлтүр от өчө турган аймактар:

Кустанай көчөсүндөгү №36а, 36, 38, 40, 33 үйлөр;

Дэн Сяопин, Кустанай, Астрахань, Камчатка көчөлөрү менен чектешкен аймак;

БСМ отказаны менен "Акун" ЖАКы.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.