Радио

Нышанов: жыгач ооз комуздун жаралганына 5000 жыл болду

"Устатшакирт Плюс" коомдук фондусунун көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанов жыгач ооз комуз Азия чөлкөмүндө кеңири жайылган байыркы аспаптардын бири экендигин айтты.
Sputnik
Нышанов: жыгач ооз комуздун жаралганына 5000 жыл болду

Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча жыгач ооз комуздун жаралганына беш миң жыл болду. Бул тууралуу Нурланбек Нышанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыздар башка улуттардан айырмаланып бул аспапта күү ойношот.

"Жыгач ооз комуз — эң байыркы аспаптардын бири. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча анын жаралганына беш миң жыл болду. Япониядан баштап Түштүк Индияга чейинки аралыктагы Азия өлкөлөрүндө кездешет. Ошондой эле жыгач ооз комузду Түштүк Сибирдеги алтай, хакас, тыва улуттары музыкалык аспап катары колдонушат. Бирок жыгач ооз комузда кыргыздар башка улуттардан айырмаланып, жөн гана добуш чыгарбастан күү ойношот", — деди устат.

Ошондой эле ал жыгач ооз комуз "Манас" эпосунда кездешерин кошумчалады.