Бишкекте жүк ташыган бус кишини учура сүзгөнү видеого түшүп калган

Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу жолдон өтүп бараткан адамды унаа коюп кеткен видеону жиберди.
Sputnik

Бишкекте бусик койдуруп кеткен киши каза тапты. Видео
Видеодон көрүнгөндөй, Дооронбек Садырбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташыган бус адамды учура сүзгөн. Окуя кечээ, 13-апрелде саат 18:00дөр чамасында, болгону айтылат.

Ал эми Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жүк ташыган Mercedes-Benz Sprinter 40 жаштагы кишини коюп кеткенин билдирди. Ал жолдон өтүп бара жатканда кырсыкка кабылган. Мунун кесепетинен каза болуп калган.

Айдоочу кырсык болгон жерден качкан эмес. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.