Жан үрөгөн жаш балдар, буралган бийкеч. Бишкектеги "Жаз Деми" жарышынан 15 сүрөт

Sputnik

Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна бараткан трассада чуркашты. Башталышы да, бүткөн жери да "Аска-Таш" мемориалдык комплексине белгиленген. Марафондун байге фондусу 192 миң сом экени айтылды. Анын алкагында алдыңкы болуп келгендерге сыйлык берилди. Мындан сырткары, түрдүү оюндарды уюштуруу менен катышуучуларга белек берип кубандырып жатышты. Жарышка катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү начар көргөн адамдарга таяк сатып алууга жумшалмакчы.

"Бүгүнкү жарышка келгендердин басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спортту сүйүүчүлөр. Былтыр 800 киши болчу, быйыл 1500гө жетти. Башында 100гө чукул жаш бала 100, 200 жана 500 метрге чуркап келишти. Андан соң чоңдор 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка жарышты", — деп билдирди уюштуруучулар.

30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — жарым марафондун медиа өнөктөшү. Биздин редакция да четте калбай, беш кызматкер 5 жана 10 чакырымга чуркады.

"Бакай банк Жаз Деми" жарым марафонунун максаты — спортту жайылтуу жана ар бир адамга жеткиликтүү экенин көрсөтүү. Иш-чараны "Номад Спорт" фондусу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.

1 / 15
Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна бараткан трассада чуркашты. Старт "Аска-Таш" мемориалдык комплексинде берилип, финиш дагы ушул жерде болду. Тагыраак айтканда, жөө күлүктөр жолдун бир тарабы менен барып, экинчи тарабы менен келишти.
2 / 15
Жаш балдар да четте калбай 100, 200 жана 500 метр аралыкка чуркады.
3 / 15
Баланы кичинекей кезинен сергек жашоого жакындаткысы келген ата-энелер чуркаган бөбөгүн коштоп жүрдү.
4 / 15
Жалпы жонунан спортту сүйгөн 100гө жакын бала болду.
5 / 15
21 чакырымга чуркоого камынып стартты күтүп турган күлүктөр. Жарышка келгендердин басымдуу бөлүгү профессионал эмес, жөн гана спорт ышкыбоздору.
6 / 15
Бүгүнкү жарым марафонго жаш-кары дебей ар кандай курактагы адамдар катышты. Бир нече компаниянын кызматкерлери чогулуп команда болуп келгендери да бар.
7 / 15
Финишке жетүүгө аз калганын көрүп кубанып, арышын кенен таштап бара жаткан жигиттер.
8 / 15
Бул жарышта былтыр 800 адам чуркаса, быйыл катышууга ынтызар болгондордун саны өсүп 1500 адамга жетти.
9 / 15
Чоңдор 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка жарышты.
10 / 15
Мында көзү начар көргөн адамдар да жанындагы адамдын коштоосунда чуркашты. Баса, жарым марафонго катышууга төлөнгөн каражаттын бир бөлүгү көзү азиздерге таяк сатып алууга жумшалмакчы.
11 / 15
Бул сүрөттө болгон күчүн жумшап, жан үрөп чуркап бараткан "Жарайт сити" скетчи менен элге таанылган актер Нурсултан Курсанали уулу.
12 / 15
Сергек жашоо образын сүйгөн кыздардын саны да кем болгон жок.
13 / 15
Иш-чараны "Номад Спорт" фондусу шаардык муниципалитеттин колдоосу менен уюштурган.
14 / 15
Sputnik Кыргызстан агенттигинен беш кызматкер катышып, 5 жана 10 чакырымга чуркады. Сүрөттө кабарчыбыз Эламан Карымшаковдун фиништин босогосун аттап жаткандагы эмоциясы.
15 / 15
Айрымдар үчүн аягына чейин чуркап келүү оңойго турган жок. Бул жерден жеткенине сүйүнүп чөк түшүп калган жигитти көрүүгө болот. Бирок уюштуруучулар ар бир катышуучуга медаль тагып көңүлүн көтөрдү.