Жээнбеков бир нече сотту кызматынан алды

Аларды кызматынан бошотуу боюнча Судьялар кеңеши арыз берген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Судьялар кеңеши берген арыздарынан улам Ош облустук сотунун судьялары Абдрасул Шамшиев жана Назымбек Матраимов өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жээнбековго сунуш киргизген.

Президент Жээнбеков сотторду тозоктон коркууга чакырды. Видео
Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынан судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн арыз келип түшкөн. Мунун негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө президентке сунуш киргизген.

Мамлекет башчы сунуштарды карап чыгып, Ош облустук сотунун судьялары Абдрасул Шамшиев менен Назымбек Матраимовдун жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирмекчи.