Башына кап кийгизип... Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу айтып берди. Видео

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери уурдалган Данил Браилкиндин атасы жана кылмыш тууралуу биринчи кабар берген окуучу кыз менен сүйлөшүп кайтты.
Sputnik

Агенттиктин кабарчылары Браилкиндердин үйүнө түштө барышты. Алар үйүнө эртең менен гана келгендиктен Данил уктап жатыптыр. Браилкиндердин үй-бүлөсү элден өзгөчөлөнүп бир нече кабаттуу эмес, эл катары жер тамда жашайт экен.

Данилдин атасы Виталий Браилкин болуп өткөн окуяларга азыркыга чейин ишенбейт.

Башына кап кийгизип... Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу айтып берди. Видео

"Башымдан ушундай окуя өтөт деп эч ойлогон эмесмин. Уулумду чаламандык чак түшүндө эшиктин алдынан уурдап кетип жатышат. Ал 200 метр ары жакта жайгашкан мектепке бараткан. Баламдын уурдалганы боюнча кабарды анын артынан окууга бараткан кыз биринчи болуп билдирди. Ал азамат кыз экен", — деди Браилкин.

Данилди уурдап кеткендерди Малика Усманова көрүп калган. Ал ак түстөгү мамлекеттик номери жок Honda Fit автоунаасы баланын жанына келип токтоп, аны кишилер күч менен салып кеткенин көргөн.

Башына кап кийгизип... Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу айтып берди. Видео

"Жүрөгүм түшүп калды. Мени да салып кетет экен деп коркуп жолдун четине чыктым. Андан кийин жанымда турган эжеге чуркап бардым, ал 102 номерине чалалы деди. Аңгыча эле машина кетип калды. Мен дароо анын үйүнө чуркап барып ата-энесине айтайын десем, эшикти эч ким ачкан жок. Мектепке келип класс жетекчисине айттым", — деди Усманова.

Башына кап кийгизип... Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу айтып берди. Видео

№4 мектеп-гимназиядагы мугалимдер маалыматты милицияга бергенге чейин Данилди уурдап кеткендер аны тоо тарапка алып кетишкен. Жолдо баратып анын телефонун, рюкзагын ыргытып, колу-бутун байлап, башына мүшөк кийгизишкен. Данил бул нерселерди атасынын көзүнчө милиция кызматкерлерине айтып берген.

Канттагы жоголгон баланы, кылмышкерлерди тапкан милиционерлер сыйланды. Сүрөттөр
Атасы 12 жаштагы Данил башынан жагымсыз жана жүрөктү түшүрө турган окуяга кабылганына карабай жакшы эле жүргөнүн айтты. Ал эми маалыматты биринчилерден болуп кабарлаган окуучу кыз Маликаны мектеп жетекчилиги эр жүрөктүгү үчүн сыйлай турган болду.

Кармалган кишилер убактылуу кармоо жайына киргизилип, "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Укук коргоо органдары Данилди кантип куткарганын бул жактан көрүңүз.