Караколдо орус саякатчысы Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди

Өзүнүн кыялы жана айткан керээзи менен Ысык-Көлдүн жээгине коюлган саякатчы эскерилди.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 13-апр. — Sputnik. Каракол шаарындагы Николай Пржевальский жана Хусейин Карасаев атындагы мемориалдык музейде орус элинин улуу саякатчы-географынын 180 жылдыгына карата иш-чара болду.

Бул иш-чарага президенттин аппаратынын өкүлү Мирбек Кожоев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, облус башчысы Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, Эл аралык экологиялык реконструкция академиясынын вице-президенти Валентин Гракович катышты.

Алар саякатчынын эстелигине гүлчамбар коюп, Караколдогу чиркөөнүн кызматкерлери анын бейитине зыярат жасады.

"Анын эмгеги тууралуу узак сүйлөсө болот. Бирок мен саясатчы катары анын ишмердүүлүгүнүн саясий мааниси тууралуу айткым келет. Николай Пржевальский бүгүнкү күнү Евразиялык кызматташтыктын башатын түзгөн десек жаңылбайбыз. Себеби бүгүн Россия менен Кыргызстан Евразиялык алакалашуунун алкагында ар тараптан тыгыз байланышта", — деп билдирди Удовиченко.

Караколдо орус саякатчысы Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди

Орус географиялык коомунун Эксперт-аналитикалык жана долбоорлор иши боюнча департаментинин директорунун орун басары Рита Сиразова улуу окумуштуунун мааракеси кыргыздар менен эле бирге орус калкы үчүн дагы маанилүү экенин белгиледи. Ал Пржевальскийди дүйнөлүк деңгээлдеги саякатчы экенин айтып, музейге саякатчыга арналган интерактивдүү медиагид, орустун улуу саякатчыларына арналган серияга Пржевальский кирген китепти тапшырды.

Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги
Бул күнү келген меймандар Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда болуп, окумуштуулар кеңеши менен бирге жыйын өткөрүштү. Анда улуу саясатчы жана анын эмгеги, басып өткөн жолу тууралуу кең-кесири сөз болду.

Пржевальскийдин жана кыргыздын тилчи-окумуштуусу К.Карасаевдин атын алып жүргөн бул мемориалдык-тарыхый музей 1957-жылы уюштурулган. Музейдин карамагында учурда саякатчынын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү илимий изилдөөлөрү, ар кайсы доорго тиешелүү 3000ден ашык баалуу табылгалары сакталган.

Эске сала кетсек, Пржевальский Борбордук Азияга беш жолу экспедицияга чыгып, акыркы сапарында Ысык-Көлдүн жээгинде келте оорусунан каза болгон. Сөөгү өзүнүн суроосу боюнча Каракол шаарына жакын жерге, көлдүн боюна коюлган. Бүгүнкү күндө ал жерге эстелик орнотулуп, анын атындагы музей иштейт.