Москвада жашаган мекендештер Айтматов атындагы сейил бакты тазалашты. Сүрөт

Ишембиликте парктын айланасы жалбырактардан тазаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Москва шаарында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын аймагын элчиликтин, миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ал жакта окуп, иштеп жаткан мекендештер тазалап, ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандыктар тарабынан Москва шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү ишембиликке быйыл белгилүү режиссер, кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев катышты.

2017-жылы Москва шаардык думасы дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун скверине анын эстелигин орнотуу боюнча токтом кабыл алып, 2018-жылы айкелдин ачылуу салтанатына президент Сооронбай Жээнбеков катышкан.