Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү

Sputnik

Алар кезинде бир топ тасмада роль аткарып, "кыргыз кереметин" жаратууда бараандуу салым кошкон. Сап башында Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Бакен Кыдыкеева, Мираида Далбаева, Наталья Аринбасаровалар турса, кийин кино жылдыздарынын катарына Таттыбүбү Турсунбаева, Гүлнара Чокубаева, Айтурган Темирова, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова, Асел Эшимбекова жана Гүлнара Абдыкадыровалар кошулган. Ал чыгармачыл инсандар азыркыга чейин көрүүчүлөрдүн оозунан түшпөй, түрдүү тасмадагы каармандарынын ысымы менен айтылып келет.

 

1 / 13
"Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Киндербаева, 1979-жыл
2 / 13
"Кызыл алма" тасмасында Таттыбүбү Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын жараткан учур, 1974-жыл
3 / 13
"Сүйүү закымдары" көркөм тасмасында Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова Алтынбүбүнүн образында
4 / 13
"Менин жаңылыштыгым" аттуу комедиясында болочоктогу белгилүү актриса Мираида Далбаева. Анда ал 17 жашта болчу.
5 / 13
Актриса Наталья Аринбасарова "Биринчи мугалимде" башкы каарман Алтынайдын образында
6 / 13
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева 30га жакын тасмада роль жараткан
7 / 13
Сабира Күмүшалиева "Уркуя", "Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана "Кызыл алма" өңдүү көптөгөн тасмаларга катышкан
8 / 13
Онго жакын тасмага катышкан актриса Гүлнара Чокубаева
9 / 13
Актриса Шайыр Касымалиева менен актер Бусурман Одуракаев. "Бетме-бет" тасмасы, 1990-жыл.
10 / 13
Кино жылдызы Айтурган Темирова жана Гүлсара Ажыбекова актер Советбек Жумадылов менен
11 / 13
Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова
12 / 13
"Алтын бешик" тасмасында роль жараткан чырайлуу Гүлнара Абдыкадырова
13 / 13
Жыйырмага жакын тасманы жаратууга катышкан Айтурган Темирова