Аламүдүн районунда 47 жаштагы киши жоголду. Сүрөт

Аны жакындары бир жумадан бери издеп жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Милиция дайынсыз жоголгон 47 жаштагы Рахман Бековду издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Ага ылайык, Беков 5-апрелде саат 21:00дөр чамасында Аламүдүн районундагы Кайырма айылындагы Айдаралиев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Бою 168-170 сантиметр, чачы кыска, ак аралаган. Кой көз, кырдач мурун.

Үстүнө кара түстөгү тери күрмө, көк футболка, көк джинсы, башына кара кепка кийген. Бутунда кара түстөгү өтүк болгон.

Чекесинде жана колунда тырыгы бар. Маңдайкы үстүңкү тиши сары металлдан салынган.