Радио

Скульптор: динопаркты өз каражатыма куруп жатам

Ош шаарында динопарк куруу идеясынын ээси, скульптор-сүрөтчү Турар Нурматов эс алуучу жайдын ачылыш аземи 1-майга белгиленип жатканын айтты.
Sputnik
Скульптор: динопаркты өз каражатыма куруп жатам

Динопарк үй-бүлөлүк эс алууга ыңгайлаштырылып курулууда. Сейил бакты жасоого мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйт. Бул тууралу Турар Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, динопарк кичине балдардын таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.

"Динозаврлардын сөлөкөттөрүн жасоо ыкмасын биз Кытайдан үйрөнүп келдик. Алардын ички түзүлүшү темирден тургузулган. Сырты поролон жана желим менен капталат. Сөлөкөттөр байыркы жаныбарлардын көлөмүнө окшоштурулуп жасалууда. Учурда 15 даанасы даярдалып бүттү. Динопарктын жалпы аянты беш гектарды түзөт. Ал жакка сөлөкөттөрдөн сырткары оюн-зоок атракциондорун орнотуп, чакан тамактануучу жайларды да ачуу пландалууда. Сейил бактын курулуш иштери толук аяктаса, каалоочулар үй-бүлөсү менен келип эс алса болот. Кичинекей бөбөктөр үчүн да дүйнө таанымын кеңейтүүгө шарттар түзүлгөн. Ар бир сөлөкөттүн алдына динозаврдын кайсы түрү экендиги тууралуу маалымат такталары коюлат. Ачылыш аземи 1-майга белгиленген", — деди скульптор.

Ошондой эле ал, эгер инвесторлор табылса, алдыда дагы өзгөчөлөнгөн эки сейил багын ачуу идеясы бар экендигин айтты.