БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Борбор калаада жыл сайын өтүп келген Билим фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Роза Отунбаева атындагы эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.
Фестиваль эки күн — бүгүн жана 4-майда болуп, "Кыргызстандын санарип мууну: IT билим берүү жана билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технология" деп аталат.
"Эки күндүк фестивалдын программасында 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландаштырылган. Анда катышуучуларга интерактивдүү көргөзмө, мультимедия инсталляциялары, 3D купол, роботтордун мелдеши, астрономиялык байкоо жүргүзүүлөр, илимий-таанып билүү фильмдери көргөзүлөт. Ошондой эле IT жана программалоо тармагындагы эксперттер менен жолугушуулар, концерттер, театралдык көрсөтүүлөр, бий мелдештери уюштурулуп, белгилүү адамдар балдарга китеп окуп берет", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, жогорку класстардын окуучуларына маалыматтык-коммуникациялык технология жана IT тармагы боюнча кесиптик багыт берүүгө арналган мастер-класстардын сериясы өткөрүлөт.