Бишкекке "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана келет

Быйыл Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 29-апрель - Бишкек шаарынын күнүндө Өзбекстандын "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана келет. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"29-апрелде шаар күнү болот. Буюрса, Согдиана жана "Ялла" келет. Атамекендик жылдыздар менен аянтта концерт болот", — деп жазды.

Быйыл Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет. Калаанын тарыхы менен кененирээк мэриянын сайтынан таанышыңыздар.