Жээнбеков белгилүү гандболчу Талант Дүйшөбаевге "Манас" орденин тапшырды

Президент белгилүү гандболчуну кабыл алды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков олимпиада жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшөбаев менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Дүйшөбаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

"Мен cизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортчусу деп сыймыктануу менен айтам", — деди президент.

Испания королу жарандык тапшырган. Гандболчу Талант Дүйшөбаев тууралуу 7 факты
Мамлекет башчы Дүйшөбаевдин өзүнүн балдары да гандболчу болуп дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп, Кыргызстанда спорттун бул түрү менен машыгып жаткан жаштарга чоң үлгү, дем берет деп билдирди.

Өз кезегинде Талант Дүйшөбаев Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылыгын жана кайда гана болбосун ар дайым мекенин ойлоп жүрөрүн билдирди.

Жолугушуу маалында былтыр президенттин Жарлыгы менен сыйланган 2-даражадагы "Манас" орденин тапшырды.