Якутиялык окумуштуулар 42 миң жыл мурдагы кулунду клондоого ниеттенип жатышат

Клеткаларды азыктандырган чөйрөдө өстүрүп, андан ары болочоктогу кулунга карын эне — бээ издешет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Якутияда 42 миң жыл мурда тоңуп өлгөн кулунду якут жана Түштүк Корея окумуштуулары клондой турган болушту. Бул туурасында "Моя планета" сайты The Siberian Times басылмасына шилтеме кылып жазды.

Якутия менен Түштүк Кореянын окумуштуулары миңдеген жыл мурда туулуп, бирок көп жашабай эле өлүп калган кулунга карын эне боло турган бээни издеп жатышат.

Мындан 42 000 жыл мурда өлгөн эки жумалык жээрде кулун Якутиядагы жер чөгүп, пайда болгон чуңкурундагы Батагай тоңунда табылган.

Египетте 4400 жыл мурунку сыры өчпөгөн күмбөз табылды. Сүрөт
Окумуштуулар кулундун тоңуп калган денеси менен клеткалары клондоого эң сонун мүмкүнчүлүк түзөөрүн айтышты. Аны азыктандырган чөйрөдө өстүрүп, андан ары болочоктогу кулунга карын эне — бээ издешет.

Маалыматта буга ылайыктуу жылкы – байыркы тукумдагы корея бээси экендигин айтышты. Жылкы монгол аттарына тектеш болуп кетет.

Окумуштуулар илимий иштер апрелдин аягына чейин Якутскидеги Түндүк-Чыгыш федералдык университетинде жасала тургандыгын айтышты.