Айтматовдун фонду Шевченкого "Дүйнө жараны" титулун ыйгарды. Сүрөт

Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, Бишкек менен Ош шаарында күйөрмандары менен жолуккан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Бул тууралуу Айтматовдун эл аралык фондусунан билдиришти.

Белгилүү жазуучунун уулу Элдар Айтматов Валентина өз жеңиши менен өлкөнүн атагын чыгарып, көптөгөн мекендештерди шыктандырганын жана жеңиштин символу болуп калганын белгиледи.

Экскурсиядан кийин Элдар Айтматов Валентина Шевченкого фонддун атынан Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Дүйнө жараны" деген титулду ыйгарды. Аны менен катар жайында өтө турган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык кечесине чакырды.

Чыңгыз Айтматовдун эл аралык фондусунун негизги максаты көп жылдардан бери топтолгон көркөм, коомдук жана чыгармачылык тажрыйбаны, гумандуулукту өнүктүрүүгө күч жумшоо болуп саналат.

Валентина Шевченкого Ош шаарында ак элечек ороп, чапан кийгизишти
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, Бишкек менен Ош шаарында күйөрмандары менен жолуккан.

Ал акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. Шевченко көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Кыргызстандык мушкер Шевченко UFC уюмунда 2015-жылдан бери күч сынашууда. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.