Эгер кабыл алынып калса, кассалык машиналар 1-июндан 31-августка чейин сынамык режимде иштей баштайт. Бул тууралуу Дастан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, токтомдун негизги максаты — ишкерлерге жеңилдик берүү.
"Токтомду даярдадык. Анда виртуалдуу кассалык машиналарды киргизүү каралган. Эгер кабыл алынса, 1-июндан 31-августка чейин сынамык режимде иштей баштайт. Бул убакытта кемчиликтер болсо билинип, аны жоюу боюнча иш алып барылат. Токтомдун негизги максаты — ишкерлердин ишин жеңилдетүү. Контролдук кассалык машиналар 13-14 миң сомдой турат, ишкерлер үчүн чоң акча болуп жатат. Мындан улам тиркеме иштеп чыгууну пландап жатабыз, аны смартфонго жүктөө менен телефон кассалык аппаратка айланат", — деди Кадыров.
Ал бул нерсе бардык ишкерлер үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалады.