Сулайман-Тоонун этегинде кызгалдактар гүлдөдү. Ажайып сүрөттөр

Быйыл аба ырайы жакшы болгондуктан шаардыктар ажайып гүлдөрдү көрө алышты.
Sputnik

ОШ, 12-апр. — Sputnik. Ошто Сулайман-Тоонун этегинде миңдеген кызгалдактар гүлүн ачты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, былтыр тынбай жааган жаандын кесепетинен шаардыктар кызыл гүлдөрдү көрө алган эмес. Бул жылы Сулайман-Тоонун этегинде жайнаган кызгалдактардын калаага көрк берип турганын көрүүгө болот.

Бул учурда шаарга келген коноктор көз жоосун алган кооздукту көрө алышат.