Абылгазиев реформага бут тоскон канча жетекчини иштен алганын айтты

Өкмөт башчы көпчүлүк коалицияга отчет берди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте жасаган иши боюнча көпчүлүк коалицияга отчет берди.

Ал реформага бут тоскон айрым жетекчилер кызматтан алынганын белгиледи.

"Жыл ичинде ар кыл тармактагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык. 6 министр, ар кандай кызматтагы 13 жетекчи, 13 аким кызматынан бошотулду. Мындан сырткары, коррупцияга каршы масштабдуу күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык алсыз жактарын ачыктады. Реформаларды жактоочулар менен ага бут тоскондор аныкталды", — деди Абылгазиев.

Жээнбеков: түрдүү саясий топтор элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылып жатат
Премьер ошондой эле учурда элдин өкмөткө болгон ишенимин кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, былтыр өкмөт үчүн олуттуу сыноолордун жылы болгонун айтып, аларды сындаган жана мактаган бир топ пикирлер айтылганын эске салды.

"Ар бир сынды өзүбүздүн ишибизди өркүндөтүүгө стимул катары кабыл алдык", — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, премьер жасалган иштер боюнча баяндама жасады. Парламентке өкмөттүн бардык мүчөлөрү келди.