КР командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды

Кадырбеков 2019-жылдын башында Азия кубогуна катышкандан кийин эл оозуна алына баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын жана Бишкектин "Дордой" клубунун дарбазачысы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалганын клубдун маалымат кызматы билдирди.

Командасы ага тез сакайып кетүүнү каалап, анын футболкасы менен сүрөткө түшүштү. 

Дарбазачы оюн талаасына качан чыгары азырынча белгисиз.

Кадырбеков 2019-жылдын башында Азия кубогуна болгон оюндарда дарбаза коргоп көпчүлүктүн көңүлүн бурган.