Чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн Искандаров иштен эмнеге айдалганы айтылды

Премьер-министр Искандаров жасаган туура эмес ишин моюнга алганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өкмөттүн чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курбанбай Искандаров эмне үчүн иштен алынганын сурады.

Белгилей кетсек, учурда өкмөт Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга жасаган иштери боюнча отчет берип жатат.

Абылгазиев реформага бут тоскон канча жетекчини иштен алганын айтты
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Искандаров мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганы үчүн иштен алынганын айтты. Премьер өз сөзүндө Искандаров жасаган күнөөсүн моюнга алганын билдирди. Бирок кандай жаңылыштык кетиргени так айтылган жок. Буга чейин чек ара меселеси жабык эшик артында каралган болчу.

Тиллаев өз кезегинде анда эмне үчүн вице-премьер Жеңиш Разаков иштен алынбай жатканына кызыкты.

Абылгазиев Разаковдун күнөөсү бар же жок экенин билбей турганын жана аны менен "күнөөсү жок" деп чогуу иштеп жатканын билдирди. Эгер айыбы тастыкталса, бул кишиге да чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ошондой эле учурда Искандаровдун ордуна эки киши каралып жатканын, алар боюнча чечим кийинки жумада чыгарын айтты.