Кашкар Жунушалиев Ноокенде уурдалып өлтүрүлгөн баланы унутуп калганда

Буга чейин Ноокенде 7 жаштагы бала уурдалган. Кылмышкер анын ата-энесинен 120 миң доллар талап кылып, жеткинчекти өлтүрүп салган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Депутат Ирина Карамушкина 2018-жылы Кыргызстан боюнча канча бала уурдалып, канча акча талап кылынганын сурады.

Белгилей кетсек, учурда өкмөт Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга отчет берип жатат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2018-жылы бала уурдоо фактысы катталбаганын билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш 2015-жылы болгон.

"2018-жылы баланы уурдап кетип, ага акча талап кылган учур катталган эмес. Ал эми 2019-жылы кечээки (Данил Браилкиндин уурдалышы —ред.) окуя болду", — деди ал.

Белгилей кетсек, Данил Браилкиндин уурдалышы 2019-жылы болгон биринчи окуя эмес. Буга чейин, 4-апрелде, Ноокенде төбө чачты тик тургузган окуя болгон. Кылмышкер 7 жаштагы баланы уурдап кетип өлтүрүп салган.

Кантта Данилди уурдагандарды кантип табышты? Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди
Жыйын учурунда Карамушкина ушул кезге чейин канча бала издөөдө экенине да кызыкты.

Жунушалиев үйүнөн чыккан боюнча кайтып келбеген балдардын саны ондоп саналарын айтып, 2001-жылдан берки убакыт ичинде издөөгө алынган балдардын саны 34тү түзөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, 11-апрелде эртең менен мектепке бара жаткан 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар элдин көзүнчө, Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталып 170-берене ("Адам уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Уурдалган өспүрүм ушул эле күнү кечинде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорама аймагындагы гараждардын бириндеги жер төлөдөн табылып, шектүү делип эки киши кармалган. Милициянын атайын даярдыктагы кызматы (СОБР) баланы жер төлөдөн чыгып жаткан учурун видеого тартып алган.