Бишкекте жол оңдоо үчүн үйлөр менен мейманканалар түрттүрүлөт

Мэрия объектилерди түрттүрүү үчүн сотко кайрылды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы Түгөлбай ата көчөсүн реконструкциялоо иштеринин алкагында 18 объектини түрттүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Бишкекте Төрөкул Айтматов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылды
Түгөлбай ата көчөсү (мурдагы Линейная) Ибраимовдон Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгү кеңейтилип, оңдолот. Көчөнүн узундугу — 820 метр.

Мэриядан билдиришкендей, оңдоо иштеринин алкагында 1 унаа жуучу жай, 6 турак үй, 5 мейманкана, адам жашабаган 1 имарат, 1 заводдун имараты жана 3 гараж кооперативи түрттүрүлөт.

4 объекти боюнча ээлеринин кепилдик каттары бар. Ага ылайык, алар башкы планды ишке ашырууда түрттүрүү иштерине каршылык көрсөтпөйт.

Ал эми башка объектилер боюнча мэрия сотко арыз жиберген.