БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Константиновка айылындагы Ат-Башы дарыясына 5 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык тууралуу маалымат 11-апрель күнү түшүп, жерине 11 куткаруучу барган. Бирок издөө аракеттеринен жыйынтык болгон эмес.
Куткаруучулар бүгүн, 12-апрелде, ишин улантат.