Жээнбеков: түрдүү саясий топтор элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылып жатат

Жээнбеков анын иш-аракеттерин колдогон элге ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп жатып, акыркы мезгилде коом ашкере саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өткөнүн айтты.

"Аларга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясий жетилгендигин дагы бир ирет көрсөттү. Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты, коомдун биримдигин башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады. Чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты жогору баалаган, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экендигин далиледи", — деди президент.

Жээнбеков ошондой эле анын аруу тилегин баамдап, аракетин колдогон, калыстыкты, адилеттүүлүктү туу туткан элге ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин парламенттеги кебин Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.