Кыргызстанда сулуу келинди кантип тандашты. Сынактын сүрөттөрү

Sputnik

Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн сулуу келинин тандаган сынакка күбө болуп кайтты.

Республикалык конкурстун финалы 10-апрелде Бишкектеги ресторандардын биринде өтүп, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 27 келин катышты.

35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү болду. Эми ал Кыргызстандын намысын "Аалам сулуусу" сынагында коргойт.

1 / 13
Бишкекте "Миссис Кыргызстан — 2019" сулуулук конкурсу өттү
2 / 13
Мыкты аталыш үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан 27 катышуучу келген
3 / 13
Конкурска келиндер гана катышты
4 / 13
Башкы максат – турмушка чыгуу мүмкүнчүлүктү чектебей турганын көрсөтүү болчу
5 / 13
Катышуучуларды сүрөгөндөр көп болду
6 / 13
Сулуулар улуттук кийимдерди, кечки көйнөктөрдү көрсөтүп, видеопрезентация да кылышты
7 / 13
Конкурсанттар ар бир ишке өтө кылдат мамиле кылып жатышты
8 / 13
Кечки кийимдер табитке жараша тандалган
9 / 13
Улуттук кийимдерди көрсөтүү учуру
10 / 13
Жеңүүчүнү калыстар аныктады
11 / 13
Катышуучуларды сүрөп, коштоп тургандар да болду
12 / 13
35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү болду
13 / 13
Бообекова Кыргызстандын намысын эми "Аалам сулуусу" сынагында коргойт