Президент быйыл күздө мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көбөйөрүн айтты

Сооронбай Жээнбеков учурда өкмөт айлыкты көтөрүүнүн эсебин чыгарып жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, быйыл Кыргызстанда дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын билдирди.

Жээнбековдун айтымында, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында жаңылануу болушу үчүн ушул тармакта иштеп жаткандардын социалдык абалын чыңдоо керек.

"Былтыр үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасын жогорулатканбыз. Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууну караштырып жатабыз. Ал эми мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: бир ууч топко кызмат кылам деп убада берген эмесмин
Мамлекет башчысы ошондой эле бул маселе боюнча премьердин сунушу бар экенин, өкмөт азыр эсебин чыгарып жатканын кошумчалады.

"Буюрса мектептеги агай-эжелерибиз жаңы окуу жылын жаңы маяна менен баштайт", — деди президент.

Жээнбеков, андан сырткары, министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик органдардагы жаш адистердин айлыгы төмөн экенин, алардын да айлыгы этап-этабы менен көбөйөрүн кошумчалады.