Сокулукта машина коюп кеткен киши каза болду. Милиционер шектелүүдө

Милициядан кабарлашкандай, жөө киши жолго чуркап чыга калган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Сокулукта жөө адамды машина коюп кетип каза болду. Окуяга милиция кызматкери шектелип жатканын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 10-апрелде 22:15тер чамасында Шалта айылында болгон. Облустук милициядан кабарлашкандай, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа батышты көздөй бара жатканда киши жолго чуркап чыга калган. Айдоочу эч нерсе кыла албай калып, аны коюп кеткен.

Унаанын тамтыгы чыгып калган. Бишкектеги үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү
Алган жаракатынан улам 37 жаштагы жергиликтүү тургун каза болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Жолдо жүрүү коопсуздук эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө машина айдап бараткан 29 жаштагы айдоочу Сокулук РИИБинде иштей турганы аныкталды.

Облустук милициянын билдиришинче, 10-апрель күнү кечинде ал уурулук фактысы боюнча ыкчам иликтөө иш-чарасына барып, коңшу айылдан кайтып келе жаткан. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча милиционер соо болгон. Автоунаа айып короого токтотулду.