Бүгүн Ош шаарынын айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бүгүн, 11-апрелде, Ош шаарынын айрым аймактары газсыз калат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Оңдоо иштерине байланыштуу Кара-Суу көчөсүнүн №26-32, Масалиев көчөсүнүн №2-12, Зайнабидинов көчөсүнүн №5-17 даректеринде жаратылыш газы өчүрүлөт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.