Бишкек: "Ош" базарында 200гө чукул сатуучу митингге чыкты. Сүрөттөр

Митингге жүздөгөн адам чыгып, бир нече плакаттарды колдоруна көтөрүп алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Былтыр апрель айында өрттөнгөн "Берекет" базарынын жанында азык-түлүк, айна-самын саткандар нааразылыкка чыгып, жаңы курулган соода борборго көчүрүүдө өз шарттарын талап кылышууда.

Митингге 200дөй адам чогулган. Учурда сатуучулар талаптарын айтып, бир-бирден сүйлөп жатышат.

Эске салсак, былтыр ушул маалда, 13-апрелдин түнүндө "Ош" базарынын аймагындагы Киев менен Кулиев көчөлөрүнө жакын жерде жайгашкан "Берекет" кичи базарында өрт чыгып, товарлар күйүп кеткен.

"Соода кылган жерден башка имаратка, жаңы бүткөн базарга көчүүнү айтышты. Аны карап көрсөм, бир чарчы метри 1,5 миң доллар экен. Ал эми биз соода кылып жаткан жер эртең жабылат деп жатышат. Былтыр эле мен ушул жерден 16,5 миң долларга соода орунду сатып алган элем. Анда менин акчам жөн эле күйүп кетеби?" — деп өзүн Бурул Андашова деп тааныштырган сатуучу айтып берди.

Нааразылыкка чыккан сатуучулар бир нече плакаттарды колуна көтөрүп алышкан. Учурда алар чогулуп, нааразылыгын айтып жатышат.