Кыргызстанда эң сулуу келин тандалды. Сүрөттөр

Жеңүүчү Кыргызстандын атынан "Ааламдын сулуу айымы" конкурсуна катышууга жолдомо алды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Кыргызстандын сулуу айымы — 2019" сынагынын жеңүүчүсү деп 35 жаштагы Миргүл Бообекова табылды.

Республикалык кароонун финалы Бишкектеги ресторандардын биринде өттү.

Сынакка 27 келин катышты.

Бообекова Кыргызстандын атынан "Ааламдын сулуу айымы — 2019" конкурсуна катышууга жолдомо алды.