Кант шаарында баланын уурдалышы боюнча "Яндекс такси" үн катты

Баланы уурдап бараткан учур видеого түшүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Яндекс таксинин" маалымат кызматы Кант шаарында 12 жаштагы Данил Браилкиндин уурдалышы боюнча окуяга түшүндүрмө берди.

Кантта уурдалган баланын атасы: шектенген адам менен сүйлөштүм
Браилкиндин бүгүн эртең менен уурдалганы маалымдалып, ал учур видеого тартылып калган. Анда бейтааныш киши баланы "Яндекс таксинин" логотибине окшош машинага салып жатканын көрүүгө болот.

Такси кызматынын маалымат кызматы баланын уурдалганы тууралуу маалымат түшөрү менен колдон келген бардык аракетин көрүп, баланын ата-энеси болгон маалыматтарды беришкен. Андан сырткары, укук коргоо органдары жана баланын туугандары менен такай байланышта болуп жатышат.

"Колдогу маалымат боюнча эмне болгон автоунаа жана ал Кантка кантип барып калганын билүү мүмкүн эмес. Бирок азыр ал маанилүү эмес. Эң башкысы, баланы эрте табуу керек", — деп компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Чүй облустук милициясы жарандар Данил Браилкин тууралуу маалымат билсе 102 жана (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0700) 28-26-99 номерлерине чалып коюуну суранат.