БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ички органдары тетирисинен жайгашкан америкалык Роуз Мари Бентли 99 жашка чейин жашаганын Associated Press басылмасы жазды.
Дарыгерлер кемпирдин ички органдары туура эмес жайгашканын ал каза болгондон кийин гана билишкен. Жүрөгүнөн тышкары бардык органдары тескерисинен жайгашкан. Аны менен катар кан тамырларынын түзүлүшү да башкача болгон.
Ички органдардын транспозициясы — оң жакта жайгашуучу органдар сол жакта, сол жактагылар оң жакка жайгашып калат.
Роуз Мари өзү жана анын туугандары мындай патология бар экенин байкашкан эмес. Кызы Алланын айтымында, апасы артрит дартынан гана жапа чегип келген.