Кантта уурдалган баланын атасы: шектенген адам менен сүйлөштүм

11-апрель күнү эртең менен Кант шаарында 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар элдин көзүнчө көчөдөн унаага салып кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кантта уурдалган 12 жаштагы баланын атасы Виталий Браилкин уулун кимдер уурдашы мүмкүн экенин билбей жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Кант шаарындагы 2-кичирайондо 12 жаштагы окуучу Данил Браилкинди белгисиз адамдар элдин көзүнчө көчөдөн унаага салып кетишкен. Окуя видеого түшүп калган.

"Баламды кимдер уурдап кетиши мүмкүн экенин такыр элестете албай жатам. Бир нече күн мурда бирөө менен уруша кеткем, ошонун балдары өч алуу максатында кылышы мүмкүн деп божомолдоп жаткам. Ал кишинин үйүнө барып сүйлөштүм. Алар кылбаптыр", — деди Браилкин.

Ал ошондой эле ушул сааттарга чейин эч ким баласы тууралуу бир нерсе айтып чалбаганын кошумчалады.

Мындан тышкары, уулунун достору менен сүйлөшкөнүн, алар акыркы күндөрү шек жаратарлык эч нерсе болбогонун айткандарын билдирди.