Кантта 12 жаштагы баланы уурдап бараткан учур видеого түшүп калды

Белгисиз адамдар баланы элдин көзүнчө унаага сүйрөп салып кетишкен.
Sputnik

Кантта белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы уурдап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Окуя 11-апрель күнү саат 08.40та 2-кичирайондо болуп, видеого түшүп калган. 

Кантта 12 жаштагы баланы уурдап бараткан учур видеого түшүп калды

Кадрлардан көрүнүп тургандай, Honda Fit үлгүсүндөгү ак түстөгү унаанын ичиндеги кишилер жолдун жээгинде бара жаткан өспүрүмдү сүйрөп салып, андан ары кетип калган.

Факты Кылмыш жана жазыктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, 170-берене ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Чүй облустук милициясы 12 жаштагы Данил Браилкиндин кайда экенинен кабары бар жарандардан 102, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0(700) 28-26-99 номерлери аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт.