Радио

Жээнбеков: балдар интернатта эмес, ата-эненин мээримин көрүп чоңоюшу керек

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1100дөн ашык тоголок жетим бала катталганын айтты.
Sputnik
Жээнбеков: балдар интернатта эмес, ата-эненин мээримин көрүп чоңоюшу керек

Тарыхта кыргыз коомунун социалдык ынтымагы жана жоопкерчилиги күчтүү болуп келген. Ата-бабаларыбыз жетимдерди жана кары-картаңдарды кароосуз калтырган эмес. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала асырап алуучуларга жеңилдик берилсе, жетим балдар ата-энелүү болуп, жакшы тарбия алышмак.

"Азыркы кезде Кыргызстанда 1100дөн ашык бала тоголок жетим. Биздин максат — алардын тизмесин тактап, үй-бүлөдө чоңоюшуна шарт түзүү. Балдар 18 жашка чыгып, интернаттан кеткенден кийин кароосуз калып жатат. Бала үй-бүлөнүн мээримин көрүп чоңоюшу керек. Интернатта тарбияланып жаткан ар бир балага ай сайын мамлекет тарабынан 14 миң сом бөлүнүп, жылына бир жарым миллиард сом сарпталат. Ушул каражатты бала асырап алуучуларга жумшасак, балдар ата-эненин камкордугунда жашамак. Бала асырап алуу үчүн жарандарыбызга жеңилдик беришибиз керек", — деди президент.

Өлкө башчы интернатта тарбияланган балдардын көбү 18 жаштан кийин көчөдө калып, терс жолго түшүп жатканын жана аларды караган бир да уюм жок экенин кошумчалады.