Радио

Садырбаева: агамдын эстелиги Ала-Бел ашуусуна коюлат

Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаевдин бир тууган карындашы Гүласал Садырбаева агасынын 80 жылдыгынын урматына Ала-Бел ашуусуна эстелиги тургузулаарын айтты.
Sputnik
Садырбаева: агамдын эстелиги Ала-Бел ашуусуна коюлат

Дооронбек Садырбаев санаалаштарына эгер көзү өтүп кетсе Ала-Белдеги Жалал-Абадка кетчү жолдун жээгине эстелигин орнотуу керээзин калтырган. Бул тууралуу карындашы Гүласал Садырбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" уктуруусуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, агасынын эстелигин аталган ашууга күзүндө орнотуу пландаштырылууда.

"Агам тамашакөй киши болчу. Достору менен түштүктөн Бишкекке келе жатып Ала-Бел ашуусунун Жалал-Абадга кире беришине токтоп калышкан экен. Ошондо санаалаштарына "эгер көзүм өтүп кетсе, ушул жерге эстелигимди коюп койгула" деп тамашалаптыр. Агамдын көзү өтүп кеткенден кийин ал айтканын достору керээз катары эскеришип, аны иш жүзүнө ашырууну туура көрүштү. Учурда бул боюнча иштер жүрүп, эстеликтин эскизи аяктап калды. Эми аны күзүндө күтүлүп жаткан мамлекеттик деңгээлде өтө турчу 80 жылдык мааракесин утурлай, Ала-Белге тургузууну максат кылып жатабыз", — деди Садырбаева.

Ал ошондой эле былтыр Дооронбек Садырбаевдин эмгек жолун чагылдырган "Даанышман" аттуу алты томдук китеп басылып чыккандыгын кошумчалады.