Ошто балдар үчүн 5 гектар жерге динопарк курулуп жатат. Видео

Сейил бактагы динозаврлардын узундугу бир метрден үч метрге чейин жетет.
Sputnik

ОШ, 10-апр. — Sputnik. Ош шаарынынын жака-белиндеги Озгур айылына динопарк курулуп жатат.

Сейил бакты ачуу идеясы скульптор-сүрөтчү Турар Нурматовго таандык. Ал Озгур айылы тараптан беш гектар жерди ижарага алып, курулуш иштерин январь айында баштаган.

"Эс алуу күндөрү балдарымды калаага алып чыгып кызыктуу жай жок экенин байкадым. Ошондон улам жаш балдар үчүн өзгөчө, кызыктуу жай ачуу идеясы жаралды. Ойлонуп көрүп динопаркты тандадым. Өзүмдүн командамдагы сүрөтчү жана уста балдар менен кеңешип, динозаврлардын сөлөкөтүн жасай баштадык. Учурда 20дан ашуун динозавр жана тринозаврдын сөлөкөтүн жасап, боеп жатабыз", — деди Нурматов.

Ош — түрк элдеринин маданий борбору. Ири иш-чарага даярдык көрүлүүдө
Ал ошондой эле кийинчерээк экзотикалык жаныбарларды кыймылга келтирүүчү жабдыктар орнотулушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Сейил бактагы динозаврлардын узундугу 1 метрден 3 метрге чейин жетет. Жакынкы күндөрү бийиктиги 8 метрге чейинки динозаврлар коюлат.

Сейил бакты 1-майда ачуу пландалып жатат. Парктын аймагына ошондой эле китеп формасындагы отургучтар орнотулуп, балдар менен чоңдор үчүн бассейндер курулмакчы.