Бишкекте алгачкы жолу эмендерди зыянкечтерден коргоо үчүн ийне сайылууда

Эмен бактары дары-дармектер жана шприцтердин жардамы менен дарыланат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте алгачкы жолу эмен бактарына ийне салынууда. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Ведомство жарыялаган видеодо Улуттук илимдер академиясынын өкүлү мурда зыянкечтерди дары чачуу жолу менен жок кылып келишкенин билдирген.

Эми алгачкы жолу жарым-жартылай автоматташтырылган шприцтин жардамы менен эмен бактарына ийне саюу ыкмалары колдонула баштады.

Эмен бактары кантип дарыланып жатканын "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын Facebook баракчасынан көрүңүздөр.

Азырынча дарылоо иштери Эмен багынын аймагында жүргүзүлүүдө.