Бабановду тосууга 10 миңдей тарапташы чыгышы мүмкүн. Мэрге кат жолдонду

Бабанов Кыргызстанга ушул ишемби күнү кайтып келерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабановдун 10 миңге чукул тарапташы Бишкектин эски аянтында митинг өткөрүүгө ниеттенип жатат.

Интернетте "Республика" партиясынын Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун атына жазылган каты тарады. Митинг 13-апрель күнү саат 14.00дөн 20.00гө чейин өтөрү айтылды. Эскерте кетсек, Бабанов буга чейин Москвадан 13-апрель күнү саат 14.50дө учуп келерин жар салган.

"Республика" партиясы мэрге кат жөнөткөнүн ырастады. Анда 10 миңдей адам чогулары айтылган. Андан тышкары, сахна, аппаратура жана спикерлер үчүн LED-дисплейлер коюлган автоунаа керектелери кошумчаланды.

Митингдин уюштуруучулары иш-чара өтчү жерге биоажатканалар орнотулуп, таштанды тазаланарын да белгиленди.

Бабанов: атамдын үйүн сагындым, тынч жашаганды каалап турам...
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кетип жатканын билдирген.

УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе "мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын" эске салган.