Кыргызстанга дагы 7 өлкөнүн жарандары визасыз кирмей болду. Тизме

Буга чейин визасыз режим 45 мамлекеттин жарандарына тиешелүү болчу. Эми бул тизме 52ге чейин жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

КР жарандары канча өлкөгө визасыз бара алат? Паспорт рейтинги
Мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Туристтик агымды күчөтүү үчүн визасыз режим 44 өлкөнүн жарандары үчүн иштей баштаган, бир жылдан кийин тизмеге дагы бир мамлекет кошулган. Алгач режимдин мөөнөтү 2020-жылга чейин болчу.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Документ визасыз режимдин мөөнөтүн айрым өлкө жарандары үчүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартууну шарттап, мамлекеттердин саны дагы 7ге көбөйдү. Мында мыйзам бир тараптуу визасыз режим 60 күндүк экени айтылды.

Мамлекеттердин тизмеси:

  • Черногория;
  • Андорра;
  • Аргентина;
  • Бразилия;
  • Сан-Марино;
  • Чили;
  • Оман.