Валентина Шевченкого Ош шаарында ак элечек ороп, чапан кийгизишти

Шевченко эртең менен машыктыруучусу Павел Федотов менен Ош шаарына барган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченкого Ош шаарындагы спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, жашыл чапан кийгизди. Бул туурасында мушкердин сапарын уюштургандар Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

Валентина Шевченкого Ош шаарында ак элечек ороп, чапан кийгизишти

Эске салсак, эртең менен Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен Ош шаарына барган. Аларды бийлик өкүлдөрү салтанат менен тосуп алышкан.

Сегиз жылдан кийин мекенине келген Шевченконун сапары кандай өтүүдө. Сүрөттөр
Уюштуруучулардын айтымында, Шевченко сапарынын алкагында журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөнгө, мектептеги окуучуларга барганга, спорт клубда мастер-класс тартуулаганга, ошондой эле күйөрмандары менен жолукканга жетишти.

Ага муай-тай боюнча мастер-классынан кийин спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, жашыл чапан кийгизген.

Кечээ Шевченко Бишкекте дагы күйөрмандары менен жолуккан. Анда мушкерге калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылганы кызуу талкуу жараткан болчу. Кийинчерээк бул боюнча уюштуруучулар түшүндүрмө берген.