Улуттук банк 23 млн. доллар сатты

Улуттук банк быйыл экинчи ирет валюта рыногуна чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ валюта рыногуна 22,8 миллион доллар сатты. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы азайды. Өлкөнүн ири насыялары тууралуу
Бул үстүбүздөгү жыл ичиндеги экинчи интервенция. 16-январда 18,8 миллион доллар сатылган.

Улуттук банк доллардын курсун кармап туруш үчүн чет элдик валютаны рынокко сатып турат. Анткен менен 3-апрелден бери доллардын наркы 69 сом 85 тыйындын чегинде. Ал эми 26-марттан 3-апрелге чейин 11 тыйынга кымбаттады.

Valuta.kg порталындагы маалыматка караганда, 31-марттан бери доллардын баасы 2-5 тыйынга өскөн.