Токмоктун тушундагы айланма жолдо жер алдындагы өтмөк курулат. Сүрөт

Курулуш иштерине болгон даярдыкты атайын комиссия текшерип кайтты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолуна жөө адамдар үчүн жер алдындагы өтмөк курулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Токмоктун тушундагы айланма жолдо жер алдындагы өтмөк курулат. Сүрөт

Билдирмеге караганда, өтмөк аталган жолдун 63-чакырымына, тагыраагы, Токмок шаарына жакын жерге курулат.

Бишкекте көпүрөнүн алдын суу каптап унаалардын номерлери жоголду. Сүрөт
Бүгүн, 9-апрелде, курулуш иштерине болгон даярдыкка министрликтин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Жол чарба департаменти менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү байкоо салып келди.

Мындан сырткары, алар Ысык-Ата районундагы трассанын курулушун дагы текшеришкен.