Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү себебин айтты

Токаев шайлоо таза өтөрүнө кепилдик берерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Алдыга ишенимдүү кадам таштап, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн бардык тоскоолдуктарды алып салыш керек. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы эркиндик өлкөнүн эң жогорку байлыгы экенин белгиледи.

"Алдыга ишенимдүү кадам таштап, өнүгүү жолуна түшүү үчүн эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Айрыкча дүйнөдөгү кырдаал тез өзгөрүп жатканда ички-тышкы саясатты стабилдештирүү зарыл. Ошондуктан президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өтүшү керек деп эсептейм", — деди Токаев.

Ал ошондой эле Казакстан демократиялык өлкө болгондуктан шайлоо таза өтөрүнө кепилдик берерин белгиледи.