Баткен: эмделген окуучулардын абалы начарлап ооруканага түштү. Министрликтин жообу

Адис эмдөө кептөөргө каршы жасалгандыгын айтты
Sputnik

ОШ, 9-апр. – Sputnik. Баткен шаарындагы №3 орто мектебинде 9-апрель күнү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери окуучуларды кезектеги эмдөөдөн өткөргөн. Эмдөөдөн кийин 15 окуучу башы айланып, облустук ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу алардын ата-энелери Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ага ылайык, учурда төрт окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, калган 11 окуучу дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлүп жатат.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова комментарий берди.

"Балдар бүгүн түштөн кийин саат 15:00дөр чамасында эмделген. Ал жердегилердин катасы — эмдөөнү бир нече окуучуну бир кабинетке алып кирип жасашкан. Алардын ичинен чочуп кеткен балдардын кан басымы көтөрүлүп кеткен. Азыр окуучулардын абалы жакшы, эртең мененкиге чейин дарыгерлердин байкоосунда болот", — деп айтты Ишенапысова.

Адис эмдөө кептөөргө каршы жасалгандыгын кошумчалады.