Ноокенде 80ге чукул кыз-келин футбол ойноду. Сүрөттөр

Иш-чаранын алкагында аялдар арасында кол өнөрчүлүк боюнча да көргөзмө-жарманке уюштурулду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Жалал-Абал облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагында аялдар арасында алгачкы жолу футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук мелдешке 80дей кыз-келин катышты. Анда аялдар бир канча командага бөлүнүп, күч сынашты. Аталган иш-чара "Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" программасынын алкагында Жалал-Абад регионалдык айылдык консультациялык кызматы жана Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмүнүн колдоосу менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — элеттик аялдарды спортко, сергек жашоого үндөп, аларды ар тараптуу колдоо.

Жыйынтыгында жеңүүчү аялдар кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Мындан сырткары, Сакалды айыл аймагында жашаган аялдар арасында кол өнөрчүлүк боюнча да көргөзмө-жарманке уюштурулуп, жергиликтүүлөрдүн өз колунан жаралган буюм-тайымдар жана өздөрү өндүргөн азык-түлүктөр тартууланды.