Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү Искандаров кызматтан кетти

Курбанбай Искандаров чек ара боюнча өкмөттүн өкүлү болуп жети жыл иштеди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров өз арызына ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашат. Чек ара маселеси талкууланды
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Искандаров өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангында эмгектенген.

Курбанбай Искандаров өкмөттүн аппаратында 2001-жылдан бери иштеп келген. Ал чек ара маселесин 2010-жылдан бери карай баштаганы маалым. 2012-жылы атайын өкүл болуп дайындалган.