БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар балет боюнча III эл аралык балдар фестиваль-конкурсунда алты медалга ээ болду. Бул туурасында Бишкек хореографиялык училищесинен кабарлашты.
Сынак 6-7 апрель күндөрү Анталья (Түркия) шаарында өттү. Ага Түркия, Россия, Кыргызстан жана Украина мамлекеттеринен 8-17 жаш курактагы 183 бала катышкан.
Кыргызстандык бийчилер Түркиядагы балет конкурсунда 6 медаль алышты. Сүрөт
© Фото / пресс-служба Бишкекского хореографического училища
Кыргызстандыктар төмөнкүдөй орундарды камсыздады:
- 1-орун "классикалык бий профи соло" категориясы боюнча (14-17 жаш) — Ясмина Жанбатаева (педагогу Аида Акматалиева);
- 1-орун "классикалык бий профи соло" категориясы боюнча (11-13 жаш) — Адинай Эмилбекова (педагогу Ирина Исаева);
- 1-орун "классикалык бий профи группа" категориясы боюнча (11-13 жаш) — "Орус бийи" (педагогу Ирина Исаева);
- 2-орун "классикалык бий профи группа" категориясы боюнча (11-13 жаш) — "Вариация графинь Вишенок" (педагогу Аида Акматалиева);
- 2-орун "модерн профи соло" категориясы боюнча (11-13 жаш) — София Говязина (педагогу Ирина Исаева);
- 3-орун "классикалык бий профи соло" категориясы боюнча (14-17 жаш) — Александр Грин (педагогу Нурзат Шаршеев).
Фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн сыйлыгын Алина Дүйшеева алды (педагогу Марипа Садыкбаева).