БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ирландиянын полициясы көңүл ачуучу жайда мушкер Конор Макгрегор адамга кол көтөрдү деген маалымат жарыялангандан кийин териштирүү баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Окуя тууралуу алгач Irish Mirror порталы жазып чыккан.
Маалыматка караганда, Дублин шаарындагы барда UFC боюнча ирландиялык экс-чемпион сахнага чыгып сүйлөгөн. Ичинде отургандарынын бирине анын сөзү жакпай "орустар сени уруп салган" деп айтканда Макгрегор жинденип ошол жерде жаңжал чыгарган.
Макгрегор мындай окуяга биринчи жолу аралашып жаткан жок. Мурдараак киши тоноду делип Майамиде кармалган. Кыз зордуктоого да шектелип иши тергөөдө турат.